Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 06:08
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

32 адам каза болгон. Садыр Жапаров Греция президентине поезд кырсыгына байланыштуу көңүл айтты

02.03.2023 14:58
335
32 адам каза болгон. Садыр Жапаров Греция президентине поезд кырсыгына байланыштуу көңүл айтты

 Президент Садыр Жапаров Греция Республикасынын Президенти Катерина Сакелларопулуга темир жол кырсыгынан улам көп сандаган адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.


“2023-жылдын 1-мартында Грецияда болгон поезддердин кагылышуусунун кесепетинен адамдар каза болду жана көптөгөн зыян келтирилди, деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.


Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм, ал эми жабыр тарткандардын эртерээк сакайып кетишин каалайм”, - деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн