Бугу 17, 2024
Убакыт: 23:18
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

32 миң доллар жана Lexus-470. Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү ири алдамчылыкка шектелип кармалды

22.08.2022 12:42
641
32 миң доллар жана Lexus-470. Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү ири алдамчылыкка шектелип кармалды

Ысык-Көлдө алдамчылык үчүн уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалым болгондой, Ысык-Көл областтык ички иштер башкармалыгына Каракол шаарынын тургуну арыз менен кайрылып, чала тааныш бала ишеничине кирип, 32 000 АКШ доллар акча каражатын, «Лексус-470» жол тандабасын жана башка унааларын өзүнө ыйгарып алганын билдирген. Арыз ээсине жалпысынан 100 000 АКШ долларын түзгөн материалдык зыян келтиргенин маалымдаган.


Арыз Ысык-Көл ОИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 209 (Алдамчылык) беренеси менен кылмыш иши козголгон.


Жакында Ысык-Көл облустук милициянын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектүү жаран аныкталып, колго түшүрүлдү. Ал Балыкчы шаарынын 27 жаштагы тургуну, КР ИИМдин ыкчам каттоосунда УКТнын мүчөсү катары турган С.К. болуп чыкты. 


Шаардык соттун чечими менен кылмышка шектүү жаранга карата тергөө мезгилинде бир айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Учурда тергөө амалдары уланууда.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн