Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 13:46
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

3,2 млн сом жумшалган Талас облустук ооруканасын оңдоо иштери аяктап калды

20.10.2020 15:35
465
3,2 млн сом жумшалган Талас облустук ооруканасын оңдоо иштери аяктап калды


Талас облустук бириккен ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүн капиталдык оңдоп-түздөө иштеринин сметасы 3 млн 200 миң сомду түзөт. Бул тууралуу оорукананын директору Нурдин Усупбеков кабарлады. 

Анын айтымында, учурда имараттын биринчи кабатынын оңдоп-түздөө иштери 90%га буткөрүлүп, сырткы жасалгалоо иштери гана калды. 

Буга чейин курулуш иштерине байланыштуу бейтаптарды кабыл алуу чатырларда жүргүзүлүп келген. Азыркы тапта аба-ырайынын суукташына байланыштуу кабыл алуу имараттын ичинде жүргүзүлүп баштады. Кабыл алуу бөлүмүнөн тышкары, экинчи кабаттагы балдар бөлүмүндө да оңдоо иштери жүрүүдө, ал эми хирургия жана травматология бөлүмдөрүндө демөөрчүлөрдүн каражатынын эсебинен санитардык түйүндөр (даараткана, душ) оңдолууда.  

Пандемиянын экинчи толкунуна каршы туруу үчүн тиешелүү  медициналык багыттагы жабдуулар менен камсыздалып, дары каражаттарынын жана жеке коргонуу каражаттарынын 3 айлык запасы бар. Буга кошумча 4-чү кварталда оорукананын бюджетине каралган 5 млн 600 миң сомдун тегерегиндеги каражатка тендер жарыяланган. Азыркы тапта ооруканада 17 кислороддук концентратор жана БИПАП-аппараттарыбыз бар”, - деди Нурдин Усупбеков

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн