Бугу 16, 2024
Убакыт: 05:07
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

34 жаштагы Маргубахан 3 жашар уулу менен изделүүдө

24.08.2020 15:05
1091
34 жаштагы Маргубахан 3 жашар уулу менен изделүүдө

 

Аламүдүн районунда 34 жаштагы Маргубахан Сейитова жана анын 3 жашар баласы Данил Сейитов дайынсыз болууда. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.


Маалыматка ылайык, акыркы жолу август айынын башында байланышка чыгып, ошондон бери кабарсыз болууда.


Өзгөчө белгилери: Маргубахан Сейитованын бою 168-170 сантиметр, арык дене түзүлүштө, чачы кара. Кийип жүргөн кийимдери мезгилге жараша.


Ал эми 3 жашар Данилдин бою 70 сантиметр, чачы сары жана кыска. Ал дагы мезгилге жараша кийинип жүргөн.


Кимде-ким эне менен баланы көрүп билген болсо, чалып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.


Байланыш телефону: 0 312 36-35-27, 0312 36-35-23, 0999 21-07-09, 0709 21-18-08, 0 550 34-33-63, 0778 00-09-99.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн