Бугу 05, 2024
Убакыт: 04:23
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

36 млн сом жумшалган Нарындагы жаңы оорукананын курулушу кандай жүрүүдө?

21.09.2020 15:09
897
36 млн сом жумшалган Нарындагы жаңы оорукананын курулушу кандай жүрүүдө?


Нарын шаарындагы эксперименттик тез тургузулган жаңы жугуштуу оорукананын курулуш иштеринин даярдыгы 44%ды түздү. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттиги маалымдады. 


Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө объект боюнча 100%га фундаменттин чуңкурларын казуу жана шагыл-кум аралаш топурак менен түздөп, таптоо жумуштары,  гидроизоляциялоо иштери менен  от жагуучу бөлмөнүн темир-бетон жабууларын орнотуусу бүткөрүлгөн. 


Учурда, фермаларды жана имараттын  темир тирөөчтөрүн орнотуу иштери, пеноблок менен дубалдарды тургузуу жана полду бетондоо жумуштары аткарылууда. Бардыгы болуп 76 жумушчу жана 7 керектүү атайын автомобиль техникасы тартылган.


Белгилей кетсек, 70 орунга эсептелген оорукананын курулушуна "Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондунун" тарабынан 36 млн сом каржыланды.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн