Бишкек менен Ошко Россия гумжардам катары берген 365 тонна суу май жеткирилди. Азыктын бул түрү 27 миң аз камсыз үй-бүлөгө берилет.
"365 тонна суу майдын 60 тоннасы Бишкектеги кампага киргизилсе, калганы Ошко жөнөтүлдү", — деди Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин тышкы саясат тобунун жетекчиси Артем Романов.
Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Соцкамсыздоо департаментинин директору Актан Балбаков өкмөттүн атынан Россияга ыраазычылык билдирди.
Пикирлер (2)