Бугу 19, 2024
Убакыт: 20:49
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

37 тонна мунай уурдоого шектелгендер үй камагына чыгарылды

02.05.2020 12:12
1196
37 тонна мунай уурдоого шектелгендер үй камагына чыгарылды

 

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда чийки мунай уурдоого шектелип кармалган эки тургун үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук сотунун маалымат кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, кылмыштын даражасы, шектүүлөрдүн жашы жете элек балдары жана карыган ата-энелери бар экенин, кылмыштын даражасын жана үй-бүлѳсүнүн жалгыз багуучулары экени эске алынып үй камагына чыгарылган.


Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда чийки муунай уурдаганга шектүүлөр кармалган. Ал эми Кызыл-Кыя айылынын 39 жаштагы тургуну Н.З.нын үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн учурда болжол менен 7 тонна мунай зат мыйзамсыз сакталып турганы аныкталган.


Аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Анын жүрүшүндө кылмышка шектүү Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарынын тургуну Ю.А. экени аныкталган.


Шектүү мунайды Ноокен районунун Момбеков айылынын тургуну Т.К. Хундай Портер үлгүсүндөгү унаа менен каучук челектерге куюп, "Кыргызнефтегаз" ишканасынан уурдаганын билдирген. Ал эми уурдалган мунай зат боюнча Т.К.нын бир тууган иниси 41 жаштагы Т.Н.нын үйүн тинтүү учурунда күйүүчү май ташуучу чоң автоунаанын 30 тонналык цистернасы менен 5 даана 30 тонналык күйүүчү май ташуучу унаанын чиркегичтери турганы аныкталып, алардын ичинде 30 тонна мунай бар экени аныкталган.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн