Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 19:38
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

38 жаштагы кыргызстандык "Хизбут-Тахрир" уюмунан чыкканын айтты (видео)

02.06.2020 13:24
918
38 жаштагы кыргызстандык "Хизбут-Тахрир" уюмунан чыкканын айтты (видео)


“Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик партиясынын активдүү мүчөсү көз карашынан кайтты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, 2005-жылдан бери “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик партиясынын активдүү мүчөсү катары катталган, Ноокен районунун 38 жаштагы З.К. аттуу тургуну уюмдан баш тарткандыгын билдирген.


Ал мындай кадамга Ноокен РИИБдин жана УКМКнын Ноокен райондук бөлүмчөсүнүн кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иштеринен соң баргандыгын айткан.


Ошондой эле аталган диний экстремисттик партиянын идеологиялары жана жүргүзүп жаткан ишмердүүлүктөрү туура эместигин, бул боюнча мыйзамдын негизинде жоопкерчилик каралгандыгын эске алуу менен “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунан чыккандыгын айтып, кайрылуу жасаган. Ошону менен бирге ал жарандарды экстремисттик багыттагы уюмдун идеологиясынан сак болууга жана катышпоого чакырган.


Маалыматка таянсак, Жалал-Абад облусунда ар кандай диний экстремисттик агымдардын мүчөсү катары 500дөн ашуун адам катталган. Жыл башынан бери түшүндүрүү иштеринин натыйжасында 20дан ашуун атуул көз караштарынан кайткан.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн