Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 08:17
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Жумушка орноштуруу системасы боюнча 39 кыргызстандык Түштүк Кореяга жөнөтүлдү

16.10.2024 13:34
393
Жумушка орноштуруу системасы боюнча 39 кыргызстандык Түштүк Кореяга жөнөтүлдү


Кечээ Бишкекте 39 кыргызстандыктан турган кезектеги топ жумушка орноштуруу системасы (EPS) боюнча Түштүк Кореяга жөнөтүлдү.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, аталган программа өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • маданияттар аралык түшүнүшүү, Кореянын тарыхын жана маданиятын үйрөнүү аркылуу кызматташууну алга жылдыруу;
  • социалдык ченемдер;
  • корей тилин билүү деңгээлин жогорулатуу;
  • кореялык коомчулукка жакшы аралашууга жана кабыл алган тараптын жетекчилиги жана кызматкерлери менен өз ара ийгиликтүү аракеттенүүгө жардам берүүчү каада-салттар.

Аталган программанын алкагында борбор 17 жылдан бери Кыргызстандын жарандарын Кореянын ишканаларында ишке орноштуруп келет. Меморандумдун алкагында 5 миңден ашуун жаран ийгиликтүү ишке орношту. Азыркы учурда Корея Республикасында EPS программасы боюнча 1,5 миң жаран иштеп жатат.

Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун болжолу боюнча Кореяга жумушка орношкон 1,5 миң жаран бир айда жалпы 2 млн 700 миң АКШ долларына барабар айлык алышат.

Эмгек мигранттарынын негизги бөлүгү кайра иштетүү өнөр жайында эмгектенишет:

  • тамак-аш;
  • химиялык өнөр жай;
  • кагаз өндүрүү;
  • пластиктен, резинадан жана айнектен буюмдарды чыгарган заводдор.

Орточо эмгек акысы 1800 АКШ долларын түзөт. Тамак-ашка жана жашоого кеткен чыгымдар (толук же жарым-жартылай) жумуш берүүчү тарабынан төлөнөт.

EPS программасынын негизги талабы корей тилин керектүү даражада билүү болуп саналат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн