Бугу 11, 2024
Убакыт: 01:34
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

395 экстремисттик сайт жабылды, - Өткүрбек Жамшитов

395 экстремисттик сайт жабылды, -  Өткүрбек Жамшитов


Былтыр Кыргызстанда 395 экстремисттик сайтка бөгөт коюлган. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинде отчет берип жатып билдирди.


Ал сайттар Кыргызстанда тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир», «Талибан» жана «Ислам мамлекети» экстремисттик уюмдарынын материалдарына байланыштуу, экстремизм жана террорчулуктун алдын алуу максатында жабылганын кошумчалады.


Жамшитов 2019-жылда аткарылган иштер, ачылган кылмыш иштер тууралуу маалымат берүүдө. Анын айтымында, өткөн жылы 163 549 арыз катталган, анын 87 374ү кылмыш, 76 175и жорук болуп саналат. 2018-жылы 29 718 кылмыш иши катталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн