Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 412 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 4-августтагы брифингде билдирди.
Маалыматка караганда, бардыгы болуп бир сутка ичинде 816 бейтап айыкты.
Жаңы учурлар
- Бишкек шаарында - 114
- Ош шаарында – 43
- Чүй облусунда – 37
- Ош облусунда - 39
- Талас облусунда – 17
- Нарын облусунда – 21
- Ысык-Көл облусунда – 41
- Жалал-Абад облусунда – 70
- Баткен облусунда - 30
Бардыгы болуп илдет башталгандан бери жалпы 37541 учур катталды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн