Теке 27, 2025
Убакыт: 00:46
USD
87.20
87.70
EUR
101.90
102.90
RUB
1.090
1.130

4-дивизион дүйнө чемпионаты: Кыргызстан Иранды 13:1 эсебинде жеңди

04.03.2022 06:18
1530
4-дивизион дүйнө чемпионаты: Кыргызстан Иранды 13:1 эсебинде жеңди

3-мартта Бишкекте 4-дивизиондогу командалар арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионаты старт алды.


Мелдеш шаардык муз аянтында 3-8-март аралыгында өтүүдө.


Чемпионаттын алкагында Кыргызстандын курамасы Ирандын командасы менен муз талаасына чыкты. Оюндун биринчи бөлүгү 4:1 эсебинде Кыргызстандын курамасынын жеңүүсү менен аяктады.


Ал эми экинчи бөлүктө кыргызстандык хоккейчилер күчтүүлүгүн көрсөтүп, эсепти 10:1ге өзгөрттү. Соңку бөлүгүндө Кыргызстандын курамасы атаандашынын дарбазасына үч гол киргизип, жалпы эсепти 13:1ге айлантты.


Буга чейин Малайзия менен Кувейттин командалары оюн өткөрүп, 5:2 эсебинде Малайзия атаандашын утуп алган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн