4-июлга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 327 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Жаңы учурлар:
Бишкек шаарында – 149;
Чүй облусу - 65;
Ош шаарында - 45;
Ош облусу - 8;
Нарын облусу - 22;
Жалал-Абад облусу - 8;
Ысык-Көл облусу - 17;
Талас облусунда - 1;
Баткен облусу - 12.
Муну менен республика боюнча жалпы 7 094 учур катталды.
Ошол эле учурда бир сутка ичинде ооруканадан 59 бейтап чыгарылган. Кыргызстан боюнча бүгүнкү күнгө чейин илдеттен айыккандардын саны жалпы 2 714 адамга жетти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн