4-июнга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 28 учуру катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
Жаңы учурлар:
Бишкек шаары – 15;
Ош облусунда – 6;
Ош шаарында - 4;
Чүй облусунда - 1;
Нарын облусу - 1;
Ысык-Көл облусунда - 1.
Муну менен республика боюнча жалпы 1899 учур катталды.
Ошол эле учурда бир сутка ичинде ооруканадан 27 бейтап чыгарылган. Кыргызстан боюнча бүгүнкү күнгө чейин илдеттен айыккандардын саны жалпы 1292 адамга жетти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн