Бүгүн, 4-майда республика
боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 35 учуру катталды. Бул тууралуу
брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык
башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Жаңы катталгандар:
Бишкек шаары – 26;
Чүй облусу
– 2;
Жалал-Абад облусу - 5;
Нарын облусу - 1;
Баткен облусу - 1.
Муну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 830га жетти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн