4-майда саат 12:13тө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалматка ылайык, жер титирөө Өзгөн районунун Кыргызстан, Ничке-Сай, Чангет, Калта айылдарында 2 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн