Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 14:33
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

4 млн сомго Жогорку Кеңештин жаңы сайты иштелип чыгат

21.07.2023 14:04
574
4 млн сомго Жогорку Кеңештин жаңы сайты иштелип чыгат


Жогорку Кеңеш жаңы сайтты иштеп чыгуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.


Маалыматка ылайык, бул максаттарга 4 миллион сом сарптоо пландалууда.


Техникалык тапшырмада веб-порталды модернизациялоонун максаттары Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтын көлөмүн көбөйтүү, ачык-айкындуулукту, жеткиликтүүлүктү жогорулатуу, ошондой эле жарандык коом менен кайра байланыш системасын жана башка модулдук инструменттерди киргизүү экендиги белгиленген.


Веб-портал колдонуучуларга парламент, Жогорку Кеңештин жана анын аппаратынын иши, жаңылыктары жана окуялары жөнүндө маалыматтарды алууга, жаңылыктарды жөнөтүүгө, парламенттин жыйындарынын, анын ичинде комитеттердин, фракциялардын жана башкалардын уктурууларын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүүгө тийиш.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн