Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 13:51
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

4-октябрдагы шайлоого катышкан партияларга 5 млн күрөө акчасы кайтарылат

29.07.2021 08:27
1251
4-октябрдагы шайлоого катышкан партияларга 5 млн күрөө акчасы кайтарылат

БШК 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоого катышкан саясий партияларга шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу 28-июлда комиссиянын отурумунда белгилүү болду.


Өткөн жылы өткөн шайлоонун жыйынтыктары жараксыз деп табылган.


3-июнда Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап, жактырган.


Буга байланыштуу 16 партияга 5 миллион сомдук күрөө акчасы кайтарылып берилет.


- «Мекеним Кыргызстан»

- «Кыргызстан»

- «Биримдик»

- «Ата Мекен»

- «Бир Бол»

- «Замандаш»

- «Республика»

- «Мекенчил»

- «Социал-демократтар»

- «Ооган согушунун катышуучулары партиясы"

- «Ордо»

- «Бүтүн Кыргызстан»

- «Реформа»

- «Ыйман Нуру»

- «Мекен Ынтымагы»

- «Чоң Казат»


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн