Чын курандын 19, 2025
Убакыт: 22:03
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

4 жылда электр тармактарын өнүктүрүүгө 21,4 млрд сом инвестиция салуу пландалууда

07.06.2021 12:44
1035
4 жылда электр тармактарын өнүктүрүүгө 21,4 млрд сом инвестиция салуу пландалууда

Кыргызстандын «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» жакынкы 4 жылда 110-500 кВ тармактарын курууга, реконструкциялоого жана модернизациялоого 8,4 млрд сом инвестиция салууну пландап жатат. Бул тууралуу «Кыргызстандын энергетикасы. Тарыхы. Учуру. Келечеги» аттуу тегерек столдо аталган компаниянын башчысы Бакыт Сыдыков билдирди.


Ал инвестициянын ичине төмөнкүлөр кире тургандыгына токтолду;

- инвестициялык долбоорлор – 6,6 млрд сом;
- модернизация жана 110-220 кВ подстанцияларды оңдоо – 1 млрд 477,1 млн сом;
- модернизация жана 110-220 кВ аба чубалгыларын оңдоо – 246 млн сом.

Сыдыков электр тармактарын өнүктүрүүгө региондорду өнүктүрүүгө жана энергетика тармагын санариптештирүүгө басым жасоо менен 21,4 миллиард сом инвестиция салуу пландаштырылып жаткандыгын айтты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн