Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 14:14
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

40 медицина кызматкерине кошумча 200 миң сом берилет

21.07.2020 10:33
1052
40 медицина кызматкерине кошумча 200 миң сом берилет

 

40 медицина кызматкерине кошумча акы катары 200 миң сом берүү каралууда. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.


Анын айтымында, убадаланган кошумча акыны алуу үчүн ак халатчандар документтерди туура эмес толтурган.


“200 миң сом кошумча акыны 40 медицина кызматкелерине төлөп берүү каралууда. Булар эң биринчи жабыркагандар, бардык облустардан алардын өздүктөрү такталган. Бир нече документтер керек болчу, ал эми облустардан аларды жалпы тизме менен көрсөткөндүгүнө байланыштуу кайрадан оңдоп жөнөтүү каралды. Жакынкы арада документтер оңдолуп келгенден кийин кошумча акылар берилет”, - деди Акматова.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн