Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 12:30
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

40 миң доллар пара берип жаткан жеринен фармацевтикалык компаниянын директору кармалды

20.04.2023 10:24
381
40 миң доллар пара берип жаткан жеринен фармацевтикалык компаниянын директору кармалды

Өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен фармацевтикалык ишкананын директору жана ортомчу кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматынан билдиришти.


УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында чет өлкөлүк жаран башчылык кылган “А.К.” фармацевтикалык ишканасынын мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири өлчөмдөгү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактысы аныкталды.


Салыктык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча аталган фармацевтикалык ишкана тарабынан 17 млн сомдон ашык суммадагы салыкты жашыруу фактылары аныкталып, салык төлөөчүнүн даттануусунун алкагында жогору турган салык органы тарабынан канааттандырылган.


Өз кезегинде, компаниянын өкүлдөрү мамлекеттик бюджетке салык төлөмдөрүнүн көлөмүн азайтуу жана кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшүндө жагымдуу шарттарды түзүү максатында, маселенин оң жагына чечилиши үчүн акчалай сыйлык берүүнү сунуш кыла башташкан.


Бул факты боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында фармацевтикалык ишканасынын директору Е.А жана ортомчу А.А. УКМКнын кызматкерине 40 миң АКШ долларын пара катары берип жаткан жеринен кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн