Кулжа 26, 2024
Убакыт: 12:41
USD
86.40
87.30
EUR
92.30
93.30
RUB
0.960
1.000

40 млрд сомго экономика тармагын жана ишмердүүлүктү колдоо боюнча экинчи пакет даяр

06.05.2020 20:52
960
40 млрд сомго экономика тармагын жана ишмердүүлүктү колдоо боюнча экинчи пакет даяр


Өкмөт тарабынан бизнести кошумча колдоо жана экономиканы баскычтуу калыбына келтирүү максатында экономиканын тармактарын жана ишкерлик субъектилерин колдоо боюнча иш-чаралардын экинчи пакети иштелип чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.


Иш-чаралардын экинчи пакетинде экономикалык ишмердүүлүктү баскычтуу калыбына келтирүү жана финансылык колдоо чаралары каралган.

Ошондой эле ал ишкердик субъектилерди жеңилдетилген насыялоо программасын жана салык келишиминин милдеттенмелерин кайра карап чыгууга багытталган бир катар фискалдык чараларды ишке ашыруу жана салыктар менен социалдык төлөөлөр боюнча карыздарды реструктуризациялоону жүргүзүү каралган 19 иш-чараны камтыйт.

«Биз каржылоо булактарын таптык. Кеп болжол менен 40 млрд сом тууралуу болуп турат. Анын ичинде Кумтөрдүн эсебинен 4,2 млрд сом, донорлордун эсебинен 14 млрд сом, тышкы карызды реструктуризациялоонун жыйынтыгы боюнча – 4,3 млрд сом бар. Ошондой эле 17,5 млрд сомго жакыны Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду, Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду сыяктуу башка булактардан болуп саналат», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.  

Муну менен катар учурда өкмөт тарабынан экономиканы кризистен кийинки калыбына келтирүүнүн жана өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү комлекстүү программасын даярдоо боюнча иштер жүрүп жатканын белгилеп кетти.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн