Массалуулукка эмес, конкреттүү адамды таанууга умтулуу, пенденин жандүйнө түпкүрүнө үңүлүп, адам баласынын жашоо кумарларынын, аракет-умтулуштарынын мотивдерин аңдоого кызыгуу, андан чыгып, поэтикалык-философиялык жыйынтыктарды жасоо Алыкул Осмоновдун талантына мүнөздүү нерсе болуп калган. Буга мисал катары тандалуу лирикалык ырларын айтпаган күндө да, “Мүнөз оюну”, “Махабат”, “Майдын түнү”, “Өлүп тирилгендер”, “Эшимкандын тереги”, “120 жаштагы алма бак менен 115 жаштагы Шевкет Гирей”, “Күлүйпа”, “Жеңишбек” сыяктуу айтылуу поэмаларын келтирүүгө болот. Алыкул үчүн адамдар жамааты топураган бир жүзү жок масса эмес, жамааттагы ар бир адам кайталангыс конкреттүү жан, ар кимдин өз-өзүнчө мүнөзү, кыялы, тагдыры бар.
Ар башка, ар адамда ар кыл кыял,
Бирөө куу, бирөө момун, бирөө кыяр.
Бирөө март, бирөө шайыр, дагы бирөө
Кызганчаак, аялына жүрөгү тар, - деп жазат Алыкул. Дегеле пенде баласын, жеке индивидуумду ичкертен таануу А.Осмоновдун акындык кумарына айланып чыга келген. Мүнөздүү мисалдарга кайрылалы. Бирок сөз мындайраактан болсун.
Маселен, 40-жылдарда жалпы эле совет адабиятында, анын ичинде кыргыз адабиятында, поэзиядабы, прозадабы, драматургияда болобу, согуш жана жеңиш жөнүндө эсепсиз көп чыгармалар жаралып, аларда советтик элдин фронттогу жана ооруктагы ченемсиз каармандыктары, эрдиктери жана ошондой эле Улуу Жеңиштин салтанат-шаңы бийик патриоттук пафос, эргиген эмоция менен даңазаланган. Советтик кыргыз акын-жазуучулары фашисттик каардуу душманга арстандай катылган, ак келтедей атылган, жалтануу, коркуу, чочулоо дегенди билбеген, беттешкен жоону бир заматта таш-талканын чыгарган, “отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн” каармандардын темирдей эркин, жалындаган мекенчилдигин баатырлыктарын согуш алааматына каршы коюшкан. Ушундай каармандар элди жеңишке шыктандырып, убагында өзүнүн баалуу тарыхый-функционалдык ролун аткарган. Бирок анткен менен ошол каармандардын көпчүлүгүнүн негизинен сырткы баатырдык турпаттары көрсөтүлүп, ал эми ички жандүйнө турпаттары 30-жылдардагыдай эле ачылбай, сүрөттөлбөй, көмүскөдө кала берген эмеспи.
Лирикалык каармандын ички патриоттук толгонууларын көрсөткөн бир катар мыкты майдан ырлары жазылса да, прозада, драматургияда бул жагынан айрым чекене ийгиликтер бар экенине карабастан жалпы согуш адабиятындагы мүнөздүү өксүк жөнүндө атактуу адабиятчы Кеңешбек Асаналиев мындай дейт: “Согуштук каармандарды бир жактуу, бир беткей сүрөттөө баарынан мурда авторлордун гиперболага ашкере эпигондук мамиле эткенине байланыштуу. Каармандардын ички диалектикалык кыймылы жок. Атап айтканда, “Кыргыздын атактуу балдары” деген согуштук сериядан чыккан очерктер, аңгемелер ушул жагынан караганда бир өңдүү, бир түстүү. Аткени ар бир автор өзүнүн каарманын сүрөттөөдө ошонун жеке турмушуна, жеке өмүр жолуна ылайык сюжет курбастан, көп учурда жалпы фактыларды үстүртөн санайт” (Кыргыз совет адабиятынын тарыхы. - Фрунзе, Илим, 1987, 313-бет). Кеңешбек Асаналиевдин сөзүн улап, драматургияга келсек, фронт темасында А.Токомбаевдин «Ант» (1942), Ж.Бөкөнбаевдин «Тоонун кызы» (1942), К.Эшмамбетовдун «Кара туман» (1942), О.Сарбагышев жана К.Жантөшевдин «Азаматтар» (1942), К.Маликов менен А.Куттубаевдин «Патриоттор» (либретто, 1942), Р.Шүкүрбековдун «Кек» (1943) К.Жантөшевдин «Өч» (1943) сыяктуу көп көшөгөлүү пьесалары жаралган. Айрым ишенимдүү чыккан эпизоддор, сахналар бар экенине карабастан, аталган драмалар өздөрүнүн эң башкы кемчиликтери боюнча бири-бирине өңдөш. Баш каармандар фронтто ар түрдүү баатырдыктарды опоңой эле жасашат. Каарман оор тапшырманы аткаруунун алдында турабы, душманды талкалап жатабы, же тобоколге салып фашисттик бөлүктүн штабына баратабы – анын ичтен ойлонуп-толгонгону көрүнбөйт. Мисалы, «Өч» пьесасында «Бир генерал, бир генерал-майор, бир капитан… калгандары ефрейтор-сефрейтор, солдат-молдаттары» болуп туура жүз бир фрицти өлтүргөн партизан Раиса токойдо боору менен жылып, немис кароолчуну өлтүргөнү баратат. Мындай учурда кандай кыйын баатыр болсо да, тирүү жан болгон соң, киши «көрүп калып, атып салбагай эле», «иш оңунан чыкса экен», «муну жок кылбасам иштин бүткөнү», «же сенин ажалың, же менин ажалым» деген сыяктуу ойлорду ойлоп, жанын оозуна тиштеп, кыпылдап турары бышык. А Раиса мындай толгонуу дегенди билбейт. Ага бул өңдүү санаркоо жат. Ал түптүз жылып келип эле кароолчуну опоңой өлтүрүп кете берет. Чыгыш философторунун бири мындай деп таамай айтат: «Согушта коркпогон, коркуу деген эмне экенин билбеген баатыр эмес, коркуп, бирок ошол сезимди ичтен кыйынчылык менен жеңип, алга бараткан адам баатыр». Жогорудагы пьесалардын баатырдык жасап жаткан каармандарында мына ушундай ички драма, ар түрдүү ой-сезимдердин күрөшү, жогорку максат, милдет, тапшырма үчүн ички психологиялык тоскоолду жана тышкы кыйындыктарды жеңүүгө бүткүл рухий күч-кубатты жыйнап, чымыркануу сыяктуу ал-абал көрүнбөйт. Авторлор персонаждарды тышынан сүрөттөп, көбүнчө тышкы окуяны көрсөтүүгө аракет кылышат. Пьесаларда реалисттик драмага мүнөздүү психология менен аракет-умтулуштун, ички ой-пикир менен жүрүм-турумдун биримдиги көрүнбөйт. Конфликт жандуу мүнөздөрдүн тирешүүсү катары эмес, автордук идеянын рупорлорунун таймашы катары элес калтырат. Биз бул мисалдарды Алыкул Осмоновдун “жарк” эткен жаңылыгы, жасаган эстетикалык бурулушу кандай адабий фондо болуп өткөндүгүн даанарак туйгузуу үчүн келтирип отурабыз.
Эмесе, Алыкулга келели. Алыкул Осмонов согуш темасын чагылдырууда башкача жол менен кеткен. Анын почерки бөлөктөргө окшобойт. Акындын Улуу Ата мекендик согуш темасында жазган поэмалары (маселен, “Майдын түнү”, “Жеңишбек”) адабияттагы адамды чагылтуунун жогорудагыдай абалына өзүнчө эле бир көркөм альтернатива десек жаңылышпайбыз. Жогоруда К.Асаналиев жоктоп таппай жаткан “каармандардын ички диалектикалык кыймылын” дал ушул А.Осмоновдун поэмаларынан айкын көрөбүз. Адам деген эмне, ким? Адам деген баарынан мурда жандүйнө, психология. Ички дүйнөсүз, психологиясыз адам жок. Эгер адабият адам чындыгын көрсөтөм десе, ал биринчи иретте пендени ич жагынан аңтарып көрсөтүшү абзел. Мунсуз адабият адамды тааныта албайт. Мына ошондуктан реалисттик адбиятта психологизм категориясы чыгарманы чыгарма кылып турган борбордук түшүнүк, аныктоочу эстетикалык касиет катары кабылданып келе жатат. Алыкул Осмоновдун дал ушундай философиядан чыгып, поэмаларында жандүйнөнүн диалектикасын чагылдырууну башкы эстетикалык принцип катары карманып, калем шилтегени көрүнүп турат. Маселен, “Майдын түнү” поэмасынын башкы каарман согушка катышып, майдандан жарадар болуп оорукка кайтып келген Баяндын образы ички динамикага, жандүйнөнүн бушаймандарына, карама-каршылыктуу ой-сезимдердин күрөшүнө, шектенүүлөр, ички кайрык-нюанстарга, толгонууларга ширелген. Поэмада тышкы окуялар үстөм эмес, чыгарманын сюжети ички психологиялык агымдын өзөгүнө тепчилип турат. Ушунун натыйжасында окурман жоокердин сырткы окуясын эмес, жоокердин ичиндеги адамды, анын аялына кызганчаактык пенделик начар жагын да, ошондой эле Баяндын нравалык бийиктигин да, Баян менен Бүбүштүн жубайлык махабаттын идеалына түз бойдон калган тазалыгын да көрүп турат. Мына ушинтип, “Майдын түнү” поэмасы буга чейинки майдан жана оорук темсында жазылган чыгармаларга карата контрасты түзүп, “жандүйнөнүн диалектикасын” (Чернышевский) көрсөткөн реалисттик сапаты менен жалпы эле улут адабиятындагы новатордук кубулуш катары “жарк” эткен. Ушундай эле көркөмдүк наркы жогору, принципиалдуу эстетикалык жаңылык катары ачылган чыгармаларга А.Осмоновдун “Үч аяк”, “Махабат”, “Өлүп тирилгендер”, “Жеңишбек” поэмалары жатат.
Дүйнөлүк бир акылман “Бул жарыкчылыкта периште менен шайтандын согушу жүрүп жатат. Бул экөөнүн уруш талаасы – адамдын жүрөгү” деген экен. Демек, художник акылман жана көрөгөч болсо, биринчи иретте адамдын жүрөгүнө ориентация жасашы керек. СССР менен гитлердик Германиянын ортосунда болгон согуштун талаасы А.Осмоновдун “Жеңишбек” поэмасынын башкы каарманы Миңбай карыянын жүрөгү аркылуу өткөн. “Жеңишбек” поэмасынын сюжеттик-композициялык, көркөмдүк-образдык чордонунда согушта уулун жоготкон Миңбайдын күйүттүү, сагынычтуу, армандуу, жаралуу жүрөгү согуп турат. Ысык-Көл менен кошо толкуп согуп турган түтөгөн тирүү жүрөк – терең психологизм жана тирүүлүктүн өлбөс философиясы “Жеңишбек” поэмасын адабий классикага айланткан. 40-жылдарда кыргыз калемгерлери согуштагы баатырдыктарды жана жеңиштин кубанычын майрамдык шаң менен даңазалап жаткан кезде Алыкул Осмонов өзүнчө бөлөк жолго түшүп, маселеге күтүлбөгөн жактан кирип, согуштун кыяматтуу кесепеттерин жана трагедиясын индивидуалдуу тагдырлар аркылуу көрсөтүүнү ишке ашырган талант. “Майдын түнүндө”, “Үч аякта”, “Жеңишбекте” автордун каарманга болгон диктаты, өзүнүн эркин таңуулап, кейипкерди өзү билип, каалаган жакка буруп, “чүлүктөп” жетелеп алуу көнүмүшү көрүнбөйт. А.Осмонов каармандарга өз алдынчалыкты берип, эркин коёт. Каармандар Миңбай, Баян адабиятта көптөн бери ишке ашпай келген индивидуалдуу мүнөздөрдүн даражасына өсүп чыгышкан. Адабиятта каарманга болгон мамиле А.Осмонов аркылуу кыйла эле гумандашкан жана демократиялашкан десек болот. Бул аталып өткөн артыкчылыктар А. Осмоновдун алды жакта айтылган жеке адамдын баалуулугу концепциясынан келип чыгып отурат. Тоталитардык системанын тушунда А.Осмоновдун жеке индивидуалдуулукту карай бурулушу, тагыраак айтканда, акындын чыгармачылыгы аркылуу келген личность концепциясы адабияттагы гана эмес, илгертен коллективисттик менталитет менен жашап келген кыргыз элинин бүтүндөй маданиятындагы тарыхый маанидеги жаңылык болгон.
Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгы аркылуу кыргыз адабиятында художниктин фольклордук-эпикалык ойлоодон индивидуалдуу көркөм ойлоого өтүшү, каармандардын персоналдашуусу, абстракттуу фигуралардан жекелештирилген мүнөздөргө өсүп чыгышы, руханий, идеялык-философиялык мазмундун көркөм форма менен төп келиши сөз өнөрүбүздүн кийинки өнүгүшүнө кеңири преспективаны ачкан.
Советбек Байгазиев
Булак: "Азия Ньюс" гезити
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн