Тогуздун айы 05, 2024
Убакыт: 10:35
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

4,1 млрд доллар тышкы карыз. Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5,2 млрд долларга жетти

14.11.2022 12:37
1072
4,1 млрд доллар тышкы карыз. Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5,2 млрд долларга жетти

Кыргызстандын мамлекеттик карызынын көлөмү 30-сентябрга карата 5 млрд 217 млн 88 миң долларды (418 млрд 384 млн 37 миң сомду) түздү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.


Билдирүүгө караганда, анын ичинен:


- 79,8% мамлекеттик тышкы карыз: 4 млрд 162,60 млн доллар (333 млрд 769,18 млн сом);

- 20,2% мамлекеттик ички карыз: 1 млрд 55,28 млн доллар (84 млрд 615,19 млн сом).


2022-жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө (тышкы + ички) республикалык бюджеттен иш жүзүндө 28 млрд 854,4 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүндү.


Алар:

- мамлекеттик тышкы карыз боюнча – 19 млрд 511,1 млн сом;

- мамлекеттик ички карыз боюнча – 9 млрд 343,3 млн сом.


2022-жылдын январь-октябрында Кыргызстандын республикалык бюджетине мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруудан (МКВ жана МКО) иш жүзүндө 12 млрд 398,7 млн сом түштү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн