Баш оона 22, 2025
Убакыт: 17:12
USD
87.10
87.60
EUR
100.90
101.90
RUB
1.080
1.110

42 жаштагы аял 9 килограмм баңгизат менен кармалды

26.07.2021 17:11
715
42 жаштагы аял 9 килограмм баңгизат менен кармалды

Чүй облусунда аялдын үйүнөн 8 кг 930 граммды түзгөн гашиш табылды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине 40-45 жаштагы жаран Чүй облусунунан Россиянын Новосибирск облусуна баңгизаттарды ташуу менен алектенип жүрөт деген ыкчам маалымат келип түшкөн.


Аталган факты Жазык кодексинин 267-беренесинин (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо”) белгилери менен катталган.


Жүргүзүлгөн мындан аркы тергөө амалдарынын жана ыкчам иш-чараларынын натыйжасында 42 жаштагы Р.Н. аттуу аял кармалган. Шектүүнүн жашаган үйүндө тинтүү жүргүзүү учурунда 762 даана таңгакталган баңги каражаттары алынган. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 8 кг 930 граммды түзгөн гашиш баңгизаты алынган.


Аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары улантылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн