Борбордук шайлоо комиссиясынан 43 эл аралык байкоочу каттоодон өттү. Бул тууралуу БШКнын бүгүнкү отурумунда белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, байкоочулар 7 өлкө жана 7 эл аралык уюмдун өкүлдөрү болуп саналат. БШКнын төрайымынын айтымында, башка эл аралык уюмдун миссионерлери да байкоочулук кылат.
Эске салсак, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн