Бугу 05, 2024
Убакыт: 15:10
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

45 млн сом жумшалган Нарындагы тез курулуучу оорукананын курулушу кандай жүрүүдө?

02.10.2020 18:39
1038
45 млн сом жумшалган Нарындагы тез курулуучу оорукананын курулушу кандай жүрүүдө?

Нарын шаарындагы эксперименттик тез курулуучу ооруканасынын курулуш иштери 55%га бүткѳрүлдү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти

Маалыматка караганда, объекттин курулушу август айында 2020-жылы башталган. Ал эми долбоордук кубаттуулугу 70 орунга эсептелген. Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду” коомдук фондунун эсебинен жүргүзүлүүдө, курулуш башталгандан бери 45 млн сом акча каражаты каржыланды.

Подряддык уюм тарабынан жумуш жүргүзүлүп, оорукананын пайдубалы, гидроизоляциясы жана полду бетондоо жумуштары бүтүрүлдү. Андан сырткары откананын калка тосмосу орнотулуп бүттү. Азыркы учурда дубалын пеноблок менен тургузуу, чатырын орнотуу, терезенин кашектерин орнотуу, дубалды сыртынан жылуулоо, суу түтүктөрүн орнотуу жумуштары аткарылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн