Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев борбор калаадагы Э.Гареев атындагы Ботаникалык бакка барды.
Кароо учурунда министрлер кабинетинин башчысы бактын аймагынын жана инфраструктурасынын учурдагы абалы менен жеке өзү таанышты.
Бактын кызматкерлери жана жетекчилиги мурда аткарылган иштер, учурдагы көйгөйлөр, ошондой эле борбор калаанын бул уникалдуу жашыл аймагын сактоо, өнүктүрүү жана модернизациялоо үчүн зарыл болгон кечиктирилгис иш-чаралар жөнүндө толук маалымат беришти.
Кароонун жыйынтыгында Э.Гареев атындагы Ботаникалык бакты толук жана комплекстүү реконструкциялоо үчүн болжол менен 340 млн сом талап кылынары аныкталды.
Зарыл болгон иштерге жолдорду реставрациялоо, жөө жүргүнчүлөр зонасын көрктөндүрүү, сугаруу, суу менен камсыздоо жана дренаж системаларын калыбына келтирүү жана модернизациялоо; сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан түрлөрдүн коллекцияларын толуктоо жана жаңы экспозицияларды түзүү менен дендрологиялык фондду жаңыртуу жана кеңейтүү кирет.
Адылбек Касымалиев Ботаникалык бактын маанисин өзгөчө белгилеп, бак борбор калаанын тургундары үчүн маанилүү рекреациялык зона гана болбостон, бүткүл Кыргызстан үчүн негизги илимий-изилдөө базасы болуп саналат деп белгиледи. Министрлер кабинетинин башчысы Ботаникалык бакты сактоо жана өнүктүрүү шаардын аймагын көрктөндүрүү гана эмес, өлкөнүн илимий потенциалына жана экологиялык коопсуздугуна стратегиялык инвестиция экенин баса белгиледи. Анын айтымында, борбор калаада шаардын экологиясын жакшыртууга жана жагымдуу микроклиматты түзүүгө өбөлгө түзгөн жашыл коомдук жайлар көбүрөөк болушу керек.
Адылбек Касымалиев бакты кароонун жыйынтыгы боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди, атап айтканда, долбоорду этап-этабы менен ишке ашырууну эске алуу менен реконструкциялоо иштерин каржылоо маселесин иштеп чыгуу тапшырылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн