Бугу 19, 2024
Убакыт: 20:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

47-абакта жасалган нандар муктаждарга таркатылууда (фото)

22.04.2020 17:05
910
47-абакта жасалган нандар муктаждарга таркатылууда (фото)


Бишкек шаарындагы №47 абакта жасалган нандар муктаж үй-бүлөлөргө таркатылууда. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, “Элден элге бекер нан” кайрымдуулук долбоорунун негизинде Ак-Босого, Арча-Бешик, Көк-Жар, Кара-Жыгач, Ак-Ордо жана башка конуштардагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, муктаждарга күн сайын жеткирилүүдө. Жалпысынан бир күндө 600гө жакын нан таратылып, 400дөй үй-бүлө камсыз болуп жатканы айтылат.


Маалыматка таянсак, №47 абакта 2 наабайкана бар. Мекеменин территориясындагы наабайканада соттолгондор үчүн бышырылса, сыртындагы наабайканада жасалган нандар Бишкек шаарындагы аскер бөлүмдөрүн камсыз кылат. Мында күнүгө 1600 кг ундан 3000ден ашык нан чыгарылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн