Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 18:03
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

№47 абактын 8 гектар жерине парк курулса, кара түтүндүн зыяндуулугу менен күрөшүүдө эффективдүү жол болмок (видео)

01.02.2023 22:13
7286
№47 абактын 8 гектар жерине парк курулса, кара түтүндүн зыяндуулугу менен күрөшүүдө эффективдүү жол болмок (видео)


Урматтуу достор, саламатсыздарбы!

Kaktus.media маалымат порталында №47 түзөтүү абагы боюнча жаңылык чыккан. Анда, колонияны бузуу иштери бүткөндүгүнөн улам, Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз катчысы мурдагы колониянын аймагына 10 миң батирлүү көп кабаттуу үйлөрдөн, 1 мектеп жана 2 бала бакчадан турган кичирайон куруу пландалып жатканын билдирген. Ал эми “Архитекторлор союзу” Бишкек шаарынын башкы планы боюнча, аталган аймакта кабаттуулугу 5 кабатка чейин гана курлуштарды курууга уруксат берилерин жарыялаган. Азыркы учурда бул тууралуу социалдык тармактарда кызуу талкуу жүрүп жатат.

Биз өткөн жылдын октябрь айынан бери жогоруда белгиленген аймакта парк салуу боюнча сунушубузду айтып келебиз. Биринчиден, парк куруу менен шаарыбызды жашылдандырууга чоң салым кошулмак. Экинчиден, балдарыбыз үчүн эс алууга ыңгайлуу шарт түзүлмөк, ошондой эле кара түтүндүн зыяндуулугу менен күрөшүүдө бирден-бир эффективдүү жол болмок.

Ошондуктан, келе жаткан бейшемби күнү парк куруу боюнча сунушубузду дагы бир жолу парламентте көтөрүп, Президентибизден, Өкмөт башчыбыздан бул сунушту карап чыгуусун суранып кетмекчимин. Карап көрсөңүздөр, Москва шаарындагы фонтан паркы сымал 8 гектар аянтка парк куруп берсек кандай сонун болмок.

Эмне үчүн бул тууралуу айтып жатам? 2025-жылы Бишкек шаарынын аймагы кеңейип, чектеш айылдар борборубуздун курамына кирип калат. Андыктан, шаарыбыздын аймагы жана калкы өсө тургандыгын эске алуу менен парк курула турган болсо, калың элге пайдасы көбүрөөк тие тургандыгын эске алышыбыз керек.

Ленин районунда парк куруу үчүн №47 абактын 8 гектар жери Бишкек шаардык кенешинин депутаты А.Б. Бактыбеков демилгелеп жаткан Ашар көчөсүндөгү 4 гектар жер жана Чортеков көчөсүнүн (Айни көчөсүнөн баштап Жайыл-Баатыр көчөсүнө чейинки аралыгы) батыш тарабы ылайыктуу.

Жогоруда белгиленген жерлерге Президентибиздин демилгеси, колдоосу менен парк куруп берсек, элдин ден соолугу, жаштардын келечеги үчүн абдан пайдалуу болмок.

Жаныбек Абиров, ЖК депутаты

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн