№47 жаза аткаруу мекемесин бошотуу иштери уланууда. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Аскат Эгембердиев билдирди.
"№47 жаза аткаруу мекемесинин имараты өткөн кылымдын ортолорунда курулган.
Бүгүнкү күндө анын абалы талапка жооп бербей калган. Мындан улам Жаза аткаруу кызматы имаратты бошотуп, андагы адамдарды башка абактарга которуу чечимин кабыл алган.
Ал эми абактын жери Мамлекеттик мүлк фондуна таандык",- деди Эгембердиев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн