Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 09:39
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

470 миң сом зыян келтирилген. Ошто мал уурдаган жаран кармалды

18.10.2022 11:45
411
470 миң сом зыян келтирилген. Ошто мал уурдаган жаран кармалды


2022-жылдын 14-октябрь күнү Ноокат РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Ноокат районунун аймагында мал жандыктарды уурдап, аларды сатып жиберген жеринен Ноокат районунун тургуну 28 жаштагы А.Э., кармалды.   Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.


Белгилүү болгондой, аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 205-берененин (уурулук) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.


2022-жылдын 4-октябрь күнү Ноокат РИИБге арыз менен Ноокат районунун жашоочулары 61 жаштагы Х.Э., 55 жаштагы А.Э., 63 жаштагы Р.С., жана 62 жаштагы А.Д., аттуу жарандар кайрылышкан. Анда: өздөрүнө таандык мал жандыктарын белгисиз жарандар жайыттан уурдап кеткендигин билдиришкен. 


Натыйжада жалпы болуп 470 000 (төрт жүз жетимиш миң ) сом зыян келтирилген.

Бүгүнкү күндө кылмышка шектүү жаран Ноокат РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, шектүүлөр мындан башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги текшерилүүдө. 

Ош облусунун аймагында 2022-жылдын 18-октябрга чейин “Мал уурулук” рейди өткөрүлүүдө.

ЯиОш ОИИБдин Басма сөз кызматы

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн