Бугу 04, 2024
Убакыт: 18:47
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

5G системасы боюнча жалган маалымат таратууга тиешеси барлар митингде жүргөндө кармалды

13.07.2020 16:59
887
5G системасы боюнча жалган маалымат таратууга тиешеси барлар митингде жүргөндө кармалды



Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар боюнча фактылар иликтенип жатат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

 

 

Алардын маалыматы боюнча, 6-июль күнү Facebook социалдык тармагы аркылуу М.А. аттуу колдонуучу өз баракчасына “Жаңы вирус каптады” маалыматын жайгаштырып, 5G радиотолкунунун зыяндуулугу жөнүндө көрсөтүп, Кавказ элин мисал катары келтирген. Алар жогорудагы антенналарды өрттөп жаткандыгын айткан жана өлкөнүн жетекчилигин сындаган. Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан жогорудагы факты КЖБРге Жазык кодексинин 313-беренесинин 1-бөлүмү менен катталган.



Бул фактылар боюнча соттук-лингвистикалык экспертизалар дайындалып, ауди жазуу менен коментарийлерди тараткандардын өздүгүн тактоого жана кармоого багытталган тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.



11-июль күнү ИИМдин ыкчам кызматкерлерине Ала-Тоо аянтында митингде жүргөн 1987-жылы туулган Т.А., 1987-жылы туулган А.С. менен 1986-жылы туулган К.Т. аттуу жарандардын жогоруда аталган кылмыш иштерине тиешеси бар болушу мүмкүн деген маалымат келип түшкөн.



Ыкчам алынган маалыматтын негизинде аталган кылмыштарга тиешеси бар же жоктугун аныктоо үчүн тергөө иш аракеттерин жүргүзүүгө ыкчам кызматтарга жогорудагы жарандардын өздүгүн тактап, тергөө органына жеткирүү үчүн тапшырмалар берилди.



Азыркы учурда тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн