Бугу 15, 2024
Убакыт: 03:34
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

5 адамга унаа, 3 адамга жер алып берем деген. Ошто издөөдө жүргөн жаран кармалды

06.12.2022 12:44
295
5 адамга унаа, 3 адамга жер алып берем деген. Ошто издөөдө жүргөн жаран кармалды


Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн Амир-Темур милиция бөлүмчөсүнүн аймактык тескөөчүлөрү издөөдө жүргөн жаранды кармашты. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы маалымдады.


   Маалыматка караганда, алдамчылыкка шектелип кармалган жаран Ош шаарынын Амир-Темур кичи шаарчасынын тургуну, 1983-жылы туулган А.О. Ал мурда адам тоногону, карактаганы үчүн соттолуп чыккан. Ошого карабастан, оӊолуу жолуна түшпөстөн карапайым жарандарды алдоо жолу менен акча табууга өткөн. Бир неча жарандарга «чет өлкөдөн машина айдап алып келемин» деп ири суммадагы акчаларын алып, изин жашырып кеткен. Андан сырткары «үй салууга жер алып беремин» деп сүйлөшүп бир нече жердештерин дагы алдаган. Арыз жазгандардын жалпы саны сегиз жаран. Алардын 5 жаранына машина убадаласа, 3 жаранга жер убадалаган. Алардан 5 миӊден 8 миӊ долларга чейин акча алган. Жарандарга келтирген чыгым 1.5 млн. сомдон ашуун сумманы түзөт. 


      Бүгүнкү күндө бул жаран башка жарандардын машиналарын арендага алып сатып жибергендиги тууралуу дагы маалыматтар аныкталууда. Шектүү 5-декабрда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 


   Ош ШИИБнын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн Амир-Темур милиция бөлүмчөсү бул жарандан жабыркагандар болсо 0553-01-70-17, 0222-6-64-12 номерлери аркылуу байланышып коюуга чакырат.

   

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн