Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 569 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 5-августтагы брифингде билдирди.
Маалыматка караганда, бардыгы болуп бир сутка ичинде 767 бейтап айыкты.
Жаңы учурдар:
Бишкек шаарында - 190
Ош шаарында – 84
Чүй облусунда – 45
Ош облусунда - 64
Талас облусунда – 43
Нарын облусунда – 13
Ысык-Көл облусунда – 41
Жалал-Абад облусунда – 47
Баткен облусунда - 42
Бардыгы болуп илдет башталгандан бери жалпы 38110 учур катталды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн