Бугу 19, 2024
Убакыт: 22:46
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

5-июндан тарта ички авиарейстер жана аймактар аралык транспорт иштей баштайт, - Штаб

03.06.2020 12:09
1079
5-июндан тарта ички авиарейстер жана аймактар аралык транспорт иштей баштайт, - Штаб

 

5-июндан тарта ички авиарейстер жана аймактар аралык коомдук транспорт иштей баштайт. Бул тууралуу Республикалык штабдын жыйынында айтылды. 

 

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов тиешелүү мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик органдары текшерүүнүн алгоритмин так аткарууга жана талап кылынган санитардык чаралардын сакталышын көзөмөлдөөгө даяр болушу керектигин белгилеген.

 

Коомдук транспорттордо жана бардык жүргүнчүлөрдүн санитардык коопсуздук эрежелердин так сакташын катуу көзөмөлгө алынышы керек. Конууда сөзсүз түрдө беткап тагынышсын жана дене табы өлчөнсүн. Автобус жана маршруттук такси менен ташууну уюштуруу коопсуз болушу шарт. Биз бардыгы санитардык нормаларды сактоо менен бара жатканына ишенимдүү болушубуз керек, - деген Кубатбек Боронов.


Муну менен катар биринчи вице-премьер-министр Бишкекте инфекциянын жугуу коркунучу жогору болуп турганын айтып,  олуттуу жагдайлар болбосо борборго баруу сунушталбагандыгын белгилеген.


Бишкектеги соода-сатык жайлары, соода борборлору, дүкөндөр, кафелер жана коомдук транспорттор сыяктуу коомдук жайларда санитардык эрежелерди сактабагандыгы боюнча сындар айтылды, бул шаардагы эпидемиологиялык абалды начарлатарын кошумчалаган.

 

Жыйындын жүрүшүндө Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев жайкы туристтик сезондун башталышынын алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берген.

 

Ал пансионаттардын жана эс алуу үйлөрүнүн жетекчилерине айтылган санитардык эрежелерди көзөмөлдөөгө катуу талаптар коюлганын белгилеген.


Ал эми балдардын ден соолугун чыңдоочу лагерлер 25-июндан тарта иштей баштары айтылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн