"Мурас-Ордо" жаңы конушунда 5-класстын окуучусун мыкаачылык менен өлтүрүп кетишкен. Учурда каза болгон баланын 10-класстагы агасы Озерное айылынан табылып, милиция бөлүмүнө алынып кетти. Бул тууралуу "Супер.кг" порталы укук коргоо органдарына таянып билдирди.
"Азыр каза болгон баланын үйүндө эч ким жок. Баланын байкеси кармалды. Азыр маркумдун апасы, туугандары жана байкеси Биринчи Май РИИБинде. Байкеси азыр күбө катары суралмакчы",- деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн