Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын Мурас Юнайтед футболдук клубу менен Ливандын Сафа клубу беттешти.
2025-2026-жылкы Азия футбол конфедерациясынын чакырык лигасынын алкагында өткөн оюнда Мурас Юнайтед Сафаны 2:0 эсебинде жеңди.
Футболчулар Ислам Юнусов менен Нурсултан Токтоналиев дарбазага топту таамай киргизип, командасына утуш алып келишти.
Уюштуруучулар кыргызстандык спортчуларды колдоого стадионго миңдеген күйөрмандар келгенин айтышты. Алардын арасында Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев жана башка сыйлуу коноктор чакырык лига алкагындагы беттешке күбө болушту.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн