5-майга карата өлкө аймагында 135 жаран коменданттык сааттын эрежелерин бузду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 135 жаран жеткирилип, сутка ичинде атайын коюлуучу жайга 4 унаа киргизилген.
Алардын ичинен:
Бишкек шаары – 110;
Ош шаары – 11;
Жалал-Абад шаары – 8;
Ат-Башы району – 6.
Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 4415 жаран коменданттык саатты
бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн