Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 22:39
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

5 млн долларды түзөт. УКМК киберкоопсуздук боюнча кореялык KOICA компаниясы менен келишим түздү

13.09.2021 10:26
734
5 млн долларды түзөт. УКМК киберкоопсуздук боюнча кореялык KOICA компаниясы менен келишим түздү


КР УКМК Корея Эл аралык Кызматташтык Агенттиги (KOICA) менен "Кыргыз Республикасында компьютердик инциденттерге ыкчам чара көрүү борборун (SOC) түзүү" гранттык долбоорун ишке ашыруу боюнча талкуулоо протоколуна кол койду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.


Салтанатка КР УКМК төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев, Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын ыйгарым укуктуу элчиси Ли Вонджэ мырза жана KOICA өкүлчүлүгүнүн Кыргызстандагы директору мырза Ли Жонгсу катышты.


"Кыргыз Республикасында компьютердик инциденттерге ыкчам чара көрүү борборун (SOC) түзүү" долбоору, өлкөдөгү киберкоопсуздуктун абалын бекемдөөгө багытталган. 


KOICA долбоорунун алкагында, SOC борборунун өзүн түзүү, жабдуулар жана программалар менен камсыздоо, мамлекеттик органдардын киберкоопсуздугун коргоо жана адамдык потенциалды өнүктүрүү боюнча чечимдерди жайылтуу пландаштырылууда. 


Долбоордун узактыгы 5 жыл (2021-2025) болот. Бул долбоорду ишке ашыруу каражаты 5 миллион АКШ долларын түзөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн