Бугу 10, 2024
Убакыт: 16:08
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

5-октябрдагы окуялар үчүн кимдер жазага тартылышы керек?

19.11.2020 14:51
1226
5-октябрдагы окуялар үчүн кимдер жазага тартылышы керек?


Интернеттеги социалдык түйүндөрдө «Бакиевдин заманы кайтып келе баштады» деген маанай күндөн-күнгө байкала баштады. 5-6-октябрдагы төңкөрүштөн кийин бийликке келген Садыр Жапаров премьер-министрлик менен бирге президенттин милдетин аткаруучу ыйгарым укуктарга да ээ болгон. Бир ай убакыт ичинде мамлекеттик маанилүү жогорку кызматтардын баарына өзүнүн өтө жакын адамдарын отургузуп, андан соң президенттик шайлоого катыша турганын билдирип, президенттин милдетин аткаруу ыйгарым укуктарын өткөрүп, премьер-министрлик ыйгарым укуктарын убактылуу токтотту.


Ошентсе дагы бүгүнкү бийлик Садыр Жапаровдун колунда экени түшүнүктүү. Ал бийлик башына шайлоо аркылуу келүү менен бирге конституциялык реформа аркылуу президенттик башкарууну орнотуу аракетин көрүүдө. 17-ноябрда жаңы Конституциянын долбоору коомдук талкууга коюлду. Аны парламенттеги 80 депутат демилгелеп жатканы да айтылган.


Бирок, жаңы долбоор коомдук талкууга коюлары менен эле ага каршы айтылган пикирлер арбыды. Ошону менен бирге авторлору катары саналган депутаттардын бир тобу «Мен окубай эле кол койгом», «Долбоорго автор болуп калганымды интернеттен окудум» деп билдиришти. Демек, жаңы Конституциянын долбоору бийликтин күчү менен эле даярдалып, коомдук талкууга алынып чыкканы түшүнүктүү болуп калды.


Ошентип коомчулукта ага карата тескери пикирлер арбыган соң бир катар депутаттардын ИИМге суракка чакырылганы тууралуу маалыматтар чыкты. Бүгүнкү күнгө чейин Эмил Токтошев, Мирлан Жээнчороев, Жанар Акаев, Рыскелди Момбековго «чакыруу кагаздары» келгенин билдик. Алар 5-6-октябрдагы окуяга күбө катары суракка чакырылып жатышканы да айтылды.


Эми суроо жаралат, бул депутаттар чындап эле 5-6-октябрдагы тополоңго байланыштуу суракка чакырылып жатышабы же конституциялык реформага байланыштуубу? Себеби депутат Эмил Токтошев «Долбоорго автор болуп калганымды интернеттен окудум» деп айткан эле. Суракка чакыруу менен аны «эсине келтирип коюу» аракети жасалбайбы?


Эгерде 5-6-октябрдагы тополоңго байланыштуу суракка чакыруу болсо, анда биринчи кезекте Садыр Жапаровдун өзүнүн тарапташтарын да чакыруу керек эмеспи? Мисалы, «Жанчып салабыз», «резиденциядан бери сүйрөтүп келебиз» деген сыяктуу коркутууларды жасаган радикал тарапташтарын коомчулук көрбөдү беле? Ошол эле К. Ташиев, К. Зулушев сыяктуу үзөңгүлөштөрүн да күбө катары суракка чакыруу зарылчылыгы жокпу? Деги эле саясий куугунтуктарды жасоонун арты эмне менен жыйынтыкталарын Садыр Жапаров түшүнгүдөй эле болбоду беле?


Сагынбек Сатыкеев


 

 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Депутатар тартылыш керек ошолордун айынан эл чогулду да
Депутатар жазага тартылыш керек ошолордун айынан эл чогулуп чыгышты да