Бугу 05, 2024
Убакыт: 10:26
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

5 студент белгисиз затка ууланып каза болду

01.03.2021 10:42
1061
5 студент белгисиз затка ууланып каза болду

Ташкенттин Юнусабад районундагы жеке үйдө батирде чогуу жашаган үч университеттин беш студенти белгисиз зат менен ууланып каза болгонун Өзбекстандын Башкы прокуратурасы билдирди. Бул тууралуу "Спутник Кыргызстан" агенттиги жазды.


Белгилүү болгондой, сөөктөр 27-февралда саат 20.50дө табылган.


"Соттук-медициналык экспертизанын алдын-ала корутундусуна ылайык, белгисиз зат менен курч уулануу студенттердин өлүмүнө себеп болду", - деп жазылган маалыматта.

Юнусабад райондук прокуратурасы студенттердин өлүмү  боюнча кылмыш ишин козгогон.


Тергөө иштери Башкы прокуратуранын көзөмөлүнө алынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн