Өлкө аймагында 5 үй-бүлөдө 15 адам инфекцияга чалдыккан. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин ыкчам штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов жыйында айтты.
“5 үй-бүлөдө 15 жаңы инфекцияга чалдыккан адамдар аныкталып атат. Бул болсо карантиндин, өзүн изоляциялоо эрежесин сактабагандан келип чыгууда”, - деди Мамбетов
Ошондой эле, акыркы эки күндө 23 (10+13) учур аныкталганын кошумчалып, алардын ичинен 4 жаран сырттан келгендер болсо, калган 19 адам чет өлкөдөн келгендер менен байланышта болуп жуктургандар экенин айтты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн