Бугу 20, 2024
Убакыт: 22:04
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

5 жаштагы небересин зордуктоого шектелген адамдын ишин Башкы прокуратура өзү көзөмөлдөйт

18.12.2020 09:35
734
5 жаштагы небересин зордуктоого шектелген адамдын ишин Башкы прокуратура өзү көзөмөлдөйт


Өзбекстан Республикасынын Башкы прокуратурасы беш жаштагы небересин зордуктоого шектелип жаткан Сырдарыя облусунун тургунуна козголгон кылмыш ишин өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу мекеме башчысынын орун басары Светлана Артыкова билдирди.


Анын айтымында, бул иш боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Зордукталды делген кыз психолог менен сүйлөшүп, ал кыздын сексуалдык зомбулукка кабылганын ырастаган.


13-декабрда кыздын чон атасына каршы «Жашы жете элек кызга карата бузукулук аракеттерге баруу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.


Сырдарыя облустук прокуратурасынын кызматкери шектүү аймактан чыкпоо тууралуу тилкат жазып бергенин, тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди.


Шектүүнүн туугандары ал «кылганына өкүнүп, декабрь айында бир нече жолу өз жанын кыюуга аракет кылганын» билдиришти.


Мурдараак социалдык түйүндөргө кайын атасы мас абалында беш жаштагы кызын зордуктаганын айткан келиндин видеосу жарыяланган. Анын билдиришинче, окуя быйыл октябрдын ортосунда болгон.


«Мурдагы күйөөм кызымды атасы менен калтырган экен. Ал мас болуп алып кичинекей кызды зордуктаптыр. Бул жөнүндө күйөөмдүн туугандарынын бирөө айтты. Анда зордуктоо учуру тартылган видео да бар экен. Кайын атама карата чара көрүүңүздөрдү өтүнөм», — деген келин.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн