Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:39
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

50 миң сом пара талап кылган Сокулук районунун тергөөчүсү кармалды

29.04.2022 12:37
1177
50 миң сом пара талап кылган  Сокулук районунун тергөөчүсү кармалды

Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү жана ыкчам кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды, - деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.


Маалыматка ылайык, УКМК ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен бирдикте КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү ("Опузалап пара алуу") боюнча сотко чейинки өндүрүштүк материалдарынын алкагында 2022-жылдын 28-апрелинде Сокулук РИИБнын тергөөчүсү М.Э., жана ыкчам кызматкери У.И., кармалды.


УКМКга буга чейин КРнын А.Ж., аттуу жараны сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 50 миң сом акча каражатын талап кылып жаткан Сокулук районунун ИИБ кызматкерлерине чара көрүү тууралуу жазуу жүзүндө арыз менен кайрылган.


2022-жылдын апрель айынын башында Сокулук РИИБне А.Ж., карата уурулук фактысы боюнча арыз келип түшкөн, аны кароонун жыйынтыгында кылмыштын курамынын жок экендиги аныкталган. Бирок, Сокулук районунун милиция кызматкерлери сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн ар кандай шылтоолорду айтып 50 миң сом акча каражатын талап кылышкан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн