Бугу 11, 2024
Убакыт: 00:30
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

500 миң долларлык мүлктү мыйзамсыз алган экс-депутат кармалды

20.09.2021 15:21
1211
500 миң долларлык мүлктү мыйзамсыз алган экс-депутат кармалды

КР УКМК тарабынан "Кыргызстан" саясий партиясынан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты «Н.К.» (Нурматов Кубанычбек) тарабынан жасалган ири өлчөмдөгү алдамчылык фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.


УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, тергөө учурунда экс-депутаттын алдамчылык иштерге тиешеси бар экендиги боюнча далилдер табылды.


2013-жылы «Н.К.» Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын аудитору болуп турган учурда 500 миң АКШ долларынан ашык суммадагы кыймылсыз мүлктү алдамчылык менен алып алган.


2021-жылдын 20-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренеси боюнча алдамчылыкка шектелип «Н.К.» кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Динара
Жоопко тартылсын! Булар жесе да жарылып олбойт ,арам тамактар! Азыркы бийлик мындай жемкорлорго конечно жакпайт!