Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 08:23
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

54 млн доллар, 40 миң тонна ун. Кытай Кыргызстанга гумжардам жөнөтөт

31.05.2021 21:07
1181
54 млн доллар, 40 миң тонна ун. Кытай Кыргызстанга гумжардам жөнөтөт

Сиань шаарындагы буга чейинки эки тараптуу кыргыз-кытай сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы менен Кытай Эл Республикасынын (КЭР) жетекчилиги Кыргыз Республикасына азык-түлүк жана гранттык жардам берүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.


Кытай тарап 40 миң тонна ун, 20 миң тонна кумшекер, 20 миң тонна өсүмдүк майын азык-түлүк жардамы катары берүү жана 350 млн юань (54 млн АКШ доллары чамасында) акча каражатын грант түрүндө бөлүү маселесин чечкен. Бул каражатты өлкөдөгү инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга жумшоо пландаштырылууда.


Мындан тышкары, сүйлөшүүлөрдүн алкагында Кыргызстанга 150 миң доза Кытай вакцинасынын экинчи партиясын кайтарымсыз негизде гуманитардык жардам катары берүү чечими кабыл алынды.


Ошону менен бирге Кыргызстандын Кытай Эл Республикасына болгон мамлекеттик тышкы карызы боюнча төлөмдөрдү кийинкиге жылдырууда кошумча төлөмдөрдү эсептебөө, ошондой эле COVID-19 пандемиясынын кесепетинен убактылуу токтоп калган ишти улантуу — Кыргыз Республикасына гранттык долбоорлорду ишке ашырууга кытайлык адистерди жөнөтүү маселеси чечилди.


Кыргыз тарап Кытайга өлкө жетекчилигинин көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирет. Кыргыз Республикасы эки тараптуу мамилелердин жигердүү өнүгүшүнө жана эки өлкөнүн, эки элдин кызыкчылыгы үчүн стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө кызыкдар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн