Чын курандын 19, 2025
Убакыт: 14:27
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

548 добуш алган. Орозайым Нарматованын ордуна ким мандат алышы мүмкүн?

21.01.2022 12:00
1450
548 добуш алган. Орозайым Нарматованын ордуна ким мандат алышы мүмкүн?

Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованын ордуна Айгүл Айдарова депутаттык мандатка ээ болушу мүмкүн. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары билдирди.


Мыйзам боюнча квотанын негизинде аял депутат кетсе ордуна аял киши келиши шарт.


"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тизмесинде алган добушу боюнча Нарматовадан кийинки сапта Айдарова турат. Ал шайлоодо 548 добушка ээ болгон.


Эске салсак, 20-январда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованын диплому жасалма деп таап, аны мандатынан ажыратты.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн