Түштүк Африка Республикасынын Квазулу-Натал провинциясында нөшөрлөп жааган жаандан улам 443 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлады.
Маалыматка ылайык, провинциядагы 600дөй мектеп зыян тарткан. Кырсык асфальт жолдорду жууп, көпүрөлөрдү бузуп кеткен. Миңдеген адамдардын үйүн суу каптаган.
Каза болгондордун 57си мектеп окуучулары жана көптөгөн адамдар дайынсыз болууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн