Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 21:54
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

57 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан. Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада алтын жана 2 күмүш медаль жеңди

28.12.2021 08:44
532
57 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан. Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада алтын жана 2 күмүш медаль жеңди

Геометрия боюнча Иран олимпиадасы 2014-жылдан бери уюштурулуп келет. Быйыл олимпиада сегизинчи ирет өткөрүлүп отурат. Бул олимпиадага 57 өлкөдөн 4500дөн ашуун окуучу катышкан.


Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, олимпиаданын жыйынтыгында кыргызстандык окуучулар 3 медаль жеңип алышты:


1. Фёдор Корнияш, Бишкек шаарынын Е.Б.Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин окуучусу — ортоңку класстар арасында алтын медаль;


2. Назар Киргизбаев, Бишкек шаарынын Е.Б.Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин окуучусу — ортоңку класстар арасында күмүш медаль;


3. Тилек Аскербеков, Чыңгыз Айтматов атындагы лицейинин окуучусу — жогорку класстар арасында күмүш медаль.


Окуучуларды олимпиадага «Газпром Кыргызстан» мектебинин жана Бишкек шаарынын Е.Б.Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин математика мугалими Мамат Ишматов жана Чыңгыз Айтматов атындагы лицейинин математика мугалими Азамат Аскаров даярдаган.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн